Мааданбеков, Эсенбек

Википедия дан
Мааданбеков Эсенбек

Мааданбеков Эсенбек (13.3.1952 ж. т., Нарын району, Кум-Бел айылы) — обончу, композитор, журналист.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994).

Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).


1978-ж. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиторлук бөлүмүн бүткөн.
1967— 70-ж. Нарын музыкалык драма театрында музыкант, 1978—87-ж. музыкалык бөлүмүнүн башчысы. Театрдын көптөгөн спектаклдерине музка жазып, музыкалык жасалгаларын жасаган.
1987-жылдан Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын музыкалык редакциясында редактор, бөлүм башчы.
15 жашында "Нарыным", "Күкүгүм" аттуу ырларын жараткан (сөзү өзүнүкү). 16 жашында "Балама" аттуу ырын чыгарган.
Белгилүү обондору: "Табаар белем", "Жаштар маршы", "Эскерүү", "Таң чолпонум", "Толгонуу", "Таптым сени", "Бийге чакыруу" жана башка 80дей чыгармасы кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган.
Т. Абдумомуновдун "Жарыктык карыларым", Ч. Айтматовдун "Эрте жаздагы турналар", Б. Өмүралиевдин "Жолчубектин көпүрөсү" жана башка спектаклдерге, А. Айтикеевдин "Бийик жээк", "Жашоо үчүн дем алуу керек" документ фильмдерине музыка жазган. Көптөгөн аспаптар үчүн көлөмдүү чыгармалардын, ошондой эле оркестр үчүн марштардын жана бийлердин автору. Симфониялык поэмасы бар. 1988-ж. "Таң чолпонум" аттуу ноталуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсенбек МААДАНБЕКОВ "Өжөр талант ийгиликке жетет, өнөрдүн сырын чечет" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
ЭСЕНБЕКТИН ЭСТЕН ЧЫККЫС ЫРЛАРЫ

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.