Маалыматтык коом

Википедия дан

Маалыматтык коом - азыркы доордо социалдык экономикалык өнүгүүнүн негизги факторуна айланган концепция; коомдун көпчүлүгү катышкан маалымат өңдүрүшү б. а маалымат индустриясы.

«Маалыматтык коом» термини 20-кылымдын 80-жылдарынын башында социология илиминде пайда болгон. Анын жаралышына компьютерди келечектеги турмушту жана иш-аракетти жөнгө салгыч катары чагылдырган информатиканын жана коммерциялык жарнаманын дүркүрөп өнүгүшү зор көмөк берген.

Д. Белл, Е. Масуда ж. б. батыш социологдору маалыматтык коомдун идеологдору катары эсептелет. Маалыматтык коом түшүнүгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн өз кучагын алган жалпылоо болуп саналат: техникалык чөйрөдө - маалыматтык технологияларды коомдун өндүрүш, экон., ишкердик, билим берүү жана турмуш тиричилик чөйрөлөрүнө кеңири кирет; экон. чөйрөдө товарга айланат; социалдык чөйрөдө маалымат турмуш тиричилик сапатын өзгөртүүнүн негизги фактору болуп калат; саясий чөйрөдө маалымат пикир алышууну камсыз кылат жана ар кандай маалыматка эркин түрдө ээ болууга мүмкүндүк берет; маданий чөйрөдө маалымат алмашуу жаңы коомдун керектөөлөрүнө жооп берип, аларга ылайык нормалар менен баалуулуктарды калыптандырууга жардам берет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4