Мааматкул бий Үчүкө уулу

Википедия дан

Мааматкул бий Үчүкө уулу (1660- жылдар ченинде – 1758-жылдан кийин) – 18-кылымдын 1-жарымында калмак баскынчыларына каршы элдик күрөштү жетектегендердин бири; 18-кылымдын ортосунда түндүк кыргыз урууларын башкарып турган чоң бий. Мааматкул Бий

18-кылымдын 80-жылдарында кыргыздарды Кудаян хан бийлеп турган. Мааматкул бий анын жакын тууганы болгон, эл башкарууда Кудаяндын таламдашы, кийинчирээк бийликке талапкер инсан катары чыккан. 1680-жылдын аягы – 1690-жылдын башталышында калмак баскынчылыгына туруштук бере албаган кыргыз уруулары Фергана тарапка көчкөндө Кудаян башында турган кыргыздар Ысар-Көлөпкө чейин кирген. Тарыхый маалыматтарда Кудаян Кожентте өлгөндүгү айтылат. Ошондон кийин Мааматкул бий Ферганага ооп барган кыргыздардын башын бириктирип, Намангандын үстүн жердеп турган. Ал 1720-жылдары ошол аймактын башкаруучулары менен бирдикте калмактарга каршы элдик күрөштү жетектөөнү колго алып, 1732-жылдан Кетментөбө өрөөнүнө кыргыздарды топтоп, калмактарга каршы күрөштү уланткан.
Ушул мезгилде Кетментөбөдө Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын өз алдынча чакан конфедерациясы – мамлекет түзүлүшү калыптанган. Мааматкул бийдин байтактысы ошол өрөөндүн Коңурөгүз деген жеринде жайгашып, солто уруусунун башчысы Кошой бий анын жардамчысы болгон. Өрөөн табигый чепке окшош болгондуктан калмактарга каршы аскердик иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана уруулардын саясий биригишине ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мааматкул бий өрөөндө дыйканчылыкты өнүктүрүү максатында арык каздырып, суу чыгарткан жана ал «Мааматкул алыш» деп аталган. 1740-жылдын 2-жарымында Мааматкул бийдин жана Кошойдун жетекчилиги менен калмактардын күчтөрү топтолгон Таластын оозу Капкага, Чүйдүн Каракыштагына, Сокулукка жана Акбешимге кыргыз кошуундары чабуул коюп, Ала-Тоону баскынчылардан бошотуу процесси башталган. 1753-жылы Кошой бий Кетментөбөдөгү Коңурөгүздө каза болгон. Ушундан кийин Мааматкул бий Солтоной, Дорбобаш, Койкоңназар аттуу жигиттерине жер чалдырып, Илеге чейинки аймактарда калмактардын бар-жогун билип келүүгө жөнөткөн. 1758-жылы Цин империясы Жуңгар хандыгын кыйраткан. Натыйжада кыргыздар ата конуштарына кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. 1758-жылы Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алган.
Ушул жылы Кытай императору аталган аймакта өзүнүн бийлигин бекемдөөгө кыргыздардын кийлигишүүсүнөн чочулап, алардын аксакал башчыларына атайын манифест чыгарган. «Силер буруттар жуңгарлардын иштерине эч качан кийлигишкен эмессиңер, бирок абалтан алардын коңшусу болгонсуңар. Жуңгарлар толугу менен баш ийдирилди, силердин жериңер биздин чегарага жакындашты, эгерде тынчтыкты сактабай чегара аркылуу көчүп-конуп тынчты кетирип, талап-тоногонго өтсөңөр чыр-чатакты өзүңөр табасыңар», – деп айтылган императордун мани-фестинде. Чыгыш Түркстандагы кытайдын аскер наместниги генерал Чжао Хой баштаган офицерлердин тобу Ысык-Көлдүн чыгышындагы Санташтан Түлкү бийге жана Үкүгө жолуккан. Кытай өкүлдөрү алардын коштоосунда Черикчи бийдин конушуна барып, императордун манифестин жарыя кылган. Черикчи бий кытай чабармандарына элди Мааматкул бий башкара тургандыгын айткан. Жашы 90дон өтүп калгандыктан ат менен алыска жүрө албастыгын, бирок маанилүү маселелер Мааматкул бий аркылуу чечилерин билдирген. Кытай офицери шивэй Урдэн Мааматкул бийдин өзүнө жолугуп, Цин бийликтерине анын душмандык ниети жок экендигине ынанган. Мааматкул бий кытай офицери менен болгон сүйлөшүүдө Черикчи бийди жана өзүнүн ишенимдүү адамы Шербекти императордун кабыл алуусуна жөнөтөрүн билдирген. Кытай өкүлдөрү Таластык кыргыздарга барганда 4 миң түтүн эл Мааматкул бийге баш ийерин, кытай уруусунан Каработо бий, саруу уруусунан Акбай бий, кушчу уруусунан Майтык бий анын жардамчылары экендигин билишкен. Кытай маалыматтарында Мааматкул бийдин ээлигинде турган кыргыздар «чыгыш буруттар» деп аталган жана алардын курамына Түндүк Кыргызстандын «оң канат», «сол канат» уруулары кирип, Тагай уруулук бирикмесинин негизин түзүп турушкан. Аталган бирикме калмак баскынчылыгынан кийин кыргыз урууларын саясий жактан баш коштуруп, тышкы душмандарга каршы турууда маанилүү роль ойногон. Саясий бирикменин калыптанышы да карама-каршылыктуу мүнөздө жүргөн. Бугу уруусунун башчысы Белек Мааматкул бийдин таасиринен оолактагысы келген.
Белектин өз учурунда калмактарга кызмат кылганы эки инсандын ортосундагы каршылашуунун башкы себеби болгон. «Байгара менен Жамбылда май жегенде бирге элек, калмакта Калы менен Кутуда кан жегенде бирге элек, казак кайың саап, кыргыз Ысарга кирип актаман чор болгондо кайда кеттиң сен Белек», – деп Мааматкул бий айткан сөз эл оозунда сакталып калган. Белекти жазага тартарда уулу Тогузбайдын кызы баш болгон тогуз кызды Мааматкул бийге тартууга берген жана экөөнүн чыры ушуну менен басылган. Ал эми Мааматкул бийдин атынан барган кыргыз элчилери Цин императорунун кабыл алуусунда болуп, маанилүү саясий маселелерди чечип келген. Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын конфедерациялык түзүлүшү Жетисуу–Теңир-Тоо жана Чыгыш Түркстандын алкагында Түндүк Кыргызстандын 18-кылымдагы өз алдынча мамлекет түзүлүшүн аныктаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]