Маанаев, Эгемберди

Википедия дан

Маанаев, Эгемберди (1933-ж. туулган). Тарых илимдеринин доктору, профессор. 1963-ж. Каратегин кыргыздарынын этностук тарыхы, этногенези, этнографиясы, салттуу маданияты боюнча кыргыздын улуттук илимпоздорунун ичинен эң алгачкы жолу тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргогон. Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. Советтик-партиялык уюштуруу иштеринде эмгектенген. Кыргызстан КП Тарых институтунда илимий кызматкер, Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер Педагогикалык институтунда проректор болуп иштеген. Учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз Педагогикалык университетиндеги Тарых жана социалдык-коомдук илимдер институтун жетектейт. Каратегин кыргыздары жана алардын этностук тарыхы, жайгашуу ареалы, этнографиясы боюнча бир катар эмгектерди жарыкка чыгарган. Кыргыз мамлекеттүүлүгү, эл агартуучулары жана башкалар боюнча эң алгачкы илимпоз-инсандарды иликтеп, бир катар илимий басылмалардын чыгышына авторлош болгон. Кыргыз элинин этностук тарыхы, этногенези, этнографиясы жана башка маселелер боюнча докторлук, кандидаттык диссертацияларды жетектейт- Кыргыз Республикасындагы тарых жана коомдук илимдердин окуу-илим борборлорунун өнүгүп калыптанышына жигердүү салым кошуп келүүдө.

Маасы — жумшак булгаарыдан ултарылган кийүүгө өтө ыңгайлуу, жумшак, такасыз жасалган, кончтуу бут кийим, кепич менен кийилет. Маасы таманы, башы жана кончтон турат. Кончу калың териден жасалат. Эгерде кончу жука болсо, ичине чүпүрөк астарланат. Кыз-келиндердин маасылары кооздолуп атайын улуттук колориттеги оймолор түшүрүлөт. Маасы бычылып тигилишине карай «эки жактуу маасы» (мунун оң же сол пайы болбойт) «бир жактуу маасы (мунун оң-сол пайы болот) деп бөлүнөрү маалым. Кандай териден ултарылганына карай намеркен маасы, булгаары маасы болуп бөлүнөт. Маасы чыгыштын башка калктарына (тажик, уйгур, өзбек жана башка) байыртадан кеңири тараган. Учурда маасыны негизинен жашы улгайган адамдар киет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]