Мааун сүрөсү
- 107-сүрө
Маауун сүрөсү (1) Yй шаймандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Меккеде түшүрүлгөн. 7 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- "1. Динди жалганга чыгарганды сен көрдүңбү?
- (О, Мухаммад)? Сен динди ""жалган"" деген кишини көрдүң беле?!"
- "2. Дал ошол жетимдерди кууган,
- Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!"
- "3. жана да ал жардыларга тамак берүүгө үндөбөгөн (үгүттөбөгөн) неме.
- Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес. (2)"
- "4. Азап (болсун) намаз(ды начар) окуучуларга (2)
- (Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!"
- "5. Анткени алар намаздарын унутуп койушкан.
- Алар намаздарын унутуп коюшат. (3)"
- "6. (анан да) алар (намаздарын) эл көрсүнгө жасашат (окушат),
- Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия (4) кылышат."
- "7. жана да алар үй шаймандарын (башкаларга) беришпейт (5)
- Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат."