Жунай Мавлянов

Википедия дан
Мавлянов, Жунай‎»‎ барагынан багытталды)

Мавлянов Жунай (23. 10. 1923, азыркы Жалал-Абад областы, Аксы району, Кош-Төбө айылы – 25. 11. 2003, Бишкек) – кыргыз совет жазуучусу, акын, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1973), Кыргыз эл жазуучусу (1994). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1942), мугалимдер институтун (1950), КМУну бүткөн (1952).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мавлянов Жунай Жаңы-Жол районундагы Иринжит (азыркы Кош-Дөбө) айылында 1923-жылы 23-октябрда туулган. 1941-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун 1952-жылы КМУнун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. 1961–1963-жж. чейин Москвадагы СССР ЖСнын алдындагы Жогорку Адабияттык курсунун угуучусу болуп эсептелген. 1942–44-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941–44-жылдары Афлатун, Ринжит айылдарынын жети жылдык мектептеринде, 1944–56-жылдары Кош-Төбөдөгү М. Горький атындагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1963–66-жылдары Кербендеги мектеп-интернатта директор, 1966–71-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1971–88-жылдары «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору, 1995–96-жылдары Кыргызстан жазуучулар сою­зунун председатели болуп иштеген. Ж. Мавлянов чыгармачылыгын 1948-жылы ыр жазуудан баштаган. 1960-жылы «Жүрөк» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Биринчи прозалык китеби «Бекиш сага эмне болду» повести болуп эсептелет. Көптөгөн очерктердин жана публицистикалык макалалардын автору. Жазуучунун айрым чыгармалары өзбек тажик, латыш, татар тилдерине которулган. «Аркыт гүлдөрү» (1961), «Мөлтүр булак» (1963) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарында туулган жер, сүйүү, эмгек, достук темасы чагылдырылган. Үч ыр жыйнагын чыгарган соң, ал биротоло кара сөз жазууга өтүп, согуштан кайткан жоокердин жекече трагедиясын баяндаган «Бекиш, сага эмне болду?» (1964), «Күтүү» (1966) повесть, аңгемелерин жарыялаган. «Менин күндөлүгүм» (1967), «Келе, колуңду» (1969), «Чагылган» (1972), «Нан» (1973), «Турмуш» (1979), «Эне» (1983), «Мен жана айылдаштарым» (1985) сыяктуу аңгеме, повесттеринде адамдын ички ой-туюмун таамай көркөм деталдар менен ачып берген. «Ачык асман» (1972), «Бийиктик» (1977), соңку «Кайрымсыз жылдар» (1995) романдарында негизинен согуш мезгилиндеги майдан менен оорукта өткөн окуялар, элет адамдарынын башына түшкөн оор турмуш жагдайлары баяндалган. Анын «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң» романдары, аңгеме, повесттери, украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех ж. б. тилдерге которулган. «Жалгыз бутактуу арча» повести боюнча телефильм (1966, режиссёр Д. Садырбаев) тартылган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 20 жылдыгы, Даңк (1999) медалдары, II даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей интернатка ысмы берилген (1994). 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
Жазуучу Б.Мунгуновдун «Кара шамал» повестин жана В.Сухомлинскийдин «Балама кат» аттуу китебин кыргыз тилине которгон.
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими (1973). СССР Эл агартуусунун отличниги.
1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, «Ардак белгиси» медалы, «1941–1945-жж. Улуу Ата Ме-кендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 20 жылдыгы», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, «Эмгек ветераны» медалдар, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөк: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 107 б.
Аркыт гүлдөрү: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 164 б.
Мөл булак: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 87 б.
Бекиш, сага эмне болду?: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1964. – 62 б.
Күтүү: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 330 б.
Менин күндөлүгүм: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1967. – 140 б.
Ачык асман: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1958. – 251 б.
Келе колуңду: Аңгемелер, повесть. – Ф.: Мектеп, 1969. – 211 б.
Ачык асман: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 530 б.
Чагылган: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 200 б.
Нан: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 352 б.
Бийиктик: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 367 б.
Турмуш: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 524 б.
Жаны таң: Роман. – Ф.: Мектеп. 1980. – 224 б.
Эне: Аңгемелер, повесттер, очерктер, публицистикалар. – Ф.: Кыргыз-стан, 1983. – 574 б.
Мен жана айылдаштарым: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 247 б.
Тандалмалар: Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 528 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ожидание: Повести и рассказы. – М.: Сов. Писатель, 1971. – 254 с.
Чистое небо: Роман. – М.: Сов. писатель, 1975.
Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 232 с.
Ясное небо: Роман. – М: Сов. писатель, 1975. – 319 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мунгонов Б. Кара шамал: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1977. – 147 б.
Сухомлинский В.А. Балама кат: – Ф.: Мектеп, 1981. – 80 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]