Мавлянов Жунай

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Мавлянов Жунай (23. 10. 1923, азыркы Жалал-Абад областы, Аксы району, Кош-Төбө айылы – 25. 11. 2003, Бишкек) – кыргыз совет жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1973), Кыргыз эл жазуучусу (1994). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1942), мугалимдер институтун (1950), КМУну бүткөн (1952). 1942–44-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941–44-жылдары Афлатун, Ринжит айылдарынын жети жылдык мектептеринде, 1944–56-жылдары Кош-Төбөдөгү М. Горький атындагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1963–66-жылдары Кербендеги мектеп-интернатта директор, 1966–71-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1971–88-жылдары «Мугалимдер газетасынын» башкы редактору, 1995–96-жылдары Кыргызстан жазуучулар сою­зунун председатели болуп иштеген. Ж. Мавлянов чыгармачылыгын 1948-жылы ыр жазуудан баштаган. 1960-жылы «Жүрөк» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. «Аркыт гүлдөрү» (1961), «Мөлтүр булак» (1963) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарында туулган жер, сүйүү, эмгек, достук темасы чагылдырылган. Үч ыр жыйнагын чыгарган соң, ал биротоло кара сөз жазууга өтүп, согуштан кайткан жоокердин жекече трагедиясын баяндаган «Бекиш, сага эмне болду?» (1964), «Күтүү» (1966) повесть, аңгемелерин жарыялаган. «Менин күндөлүгүм» (1967), «Келе, колуңду» (1969), «Чагылган» (1972), «Нан» (1973), «Турмуш» (1979), «Эне» (1983), «Мен жана айылдаштарым» (1985) сыяктуу аңгеме, повесттеринде адамдын ички ой-туюмун таамай көркөм деталдар менен ачып берген. «Ачык асман» (1972), «Бийиктик» (1977), соңку «Кайрымсыз жылдар» (1995) романдарында негизинен согуш мезгилиндеги майдан менен оорукта өткөн окуялар, элет адамдарынын башына түшкөн оор турмуш жагдайлары баяндалган. Анын «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң» романдары, аңгеме, повесттери, украин, беларус, татар, башкыр, якут, француз, немец, англис, чех ж. б. тилдерге которулган. «Жалгыз бутактуу арча» повести боюнча телефильм (1966, режиссёр Д. Садырбаев) тартылган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 20 жылдыгы, Даңк (1999) медалдары, II даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей интернатка ысмы берилген (1994). 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]