Мазмунга өтүү

Мавританиялык көркөм искусство

Википедия — ачык энциклопедия

Мавританиялык көркөм искусство, мавританиялык стиль (латынча mauri, грекче mauras – кара, маврлар) (Орто к-дык Европада Пиреней жарым аралынын араб-бербер жеңип алуучуларын ушундай деп аташкан) – вестгот, берберлер жана араб Халифатынын көркөм традицияларынын биригип кетишинен пайда болгон мусулмандык түштүк Испания менен Магрибдин (Түндүк жана Түндүк-Батыш Африка) орто кылымдагы көркөм искусствосу, М. к. и. үчүн туура уюшулган жана тектоникалык жактан жеткилең жасалгалуу системага негизделген эффективдүү көрүнүктүүлүк, архитектуранын толук үстөмдүгү мүнөздүү. (XIII к. ортосу менен XIV к. аягындагы Гранададагы Альгамбр ак сарай-чеби) М. к. и-до аркалардын ар түрдүү формалары, сталактит куполдору, артесонадо шыптары, консолдогу карниздер менен серелер, түсү жана фактурасы боюнча ар түрдүү материалдар (изразцы, жыгач, ганч, мрамор, витраждар) кеңири колдонулган. М. к. и-до негизги роль геометриялык өсүмдүк оюулары менен жазууларынын кылдат аткарылган татаал композициялары, форма менен варианттарынын көп түрдүүлүгү, инвардык графика менен түстүк акценттин көркөм айкалышуусу менен айырмаланган орнаментке таандык.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]