Магний кен таштары

Wikipedia дан

Магний кен таштары – магний минералдарынын жаратылыштагы чогундусу. Магний жара­тылышта жүздөн ашык минералдардын курамында жолугат. Алардын ичинен маанилүүлөрү брусит (Mg 41,7%, (Mg 28,8%), доломит (18,2%), кизерит (17,6%), бишофит (12,0%), лангбейнит (11,7%), эпсомит (9,9%), кайнит (9,8%). Магний-калий туздары эң негизги кен таш болуп эсептелет. Ири кендери метаморфизмделген доломит түрүндө кездешет. Магнезиттин метаморфизмделишинен брусит келип чыгат. Кээде магний туздары жер астындагы суулардын тийгизген таасиринен эрип, ачуу туздуу сууларды же булактарды пайда кылат. Эгер мындай туздуу суулар деңиз булуңдарында (мисалы, Кара-Богаз-Көл) же кургактыктагы чуңкурларда (мисалы, Баскунчак, Эльтон) жолукса, туз кендери пайда болот. Жер бетинде магний-калий туздары Девон, Пермь мезгилдеринде өтө көп санда жана бардык жерде топтолгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]