Магний сульфаты

Википедия дан

Магний сульфаты, MgSO4 – түссүз кристалл, 1010оС чейин кристаллдык торчосу ромб түрүндөгү, тыгызд. 2,66 г/см3 a-формасы, 1010-1137оС b- формасы туруктуу, сууда эрийт. Каныккан эритмесинин кайноо t (75 г MgSO4 100 г сууда) 108оС, 1-7 жана 12 мол. суу менен кристаллогидраттарды пайда кылат. Бөлмө темп-расында суу эритмесинен гептагидрат MgSO4·7Н2О кристаллдашат, 48оС жогору гексагидрат, 67,50С жогору моногидрат кристаллдашат. 320-330оС гидраттар суусун толугу менен жоготот. Суусуз MgSO4 1100-1200оС MgO жана SO2 ажырайт.

Жаратылышта М. с. деңиз суусунун курамында эпсомит минералдары гексагидрат түрүндө кездешет. М. с. щелочтуу металлдын кээ бир туздары менен кош туздарды пайда кылат, алардын кээ бирлери жаратылышта кездешет. Мис., каинит КСl.MgSO4·3H2O, астраханит Na2SO4·хМgSO4·4H2O, полигалит К2SO4·MgSO4·2CaSO4·х2H2O, лангбейнит 2MgSO4·K2SO4 жана башка М. с. - деңиз сууларынан жана катуу туз чөкмөлөрүнөн алынат. Ал SO2, магнезия цементин алууда, текстиль жана кагаз ө. ж -да, айыл чарбада, медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]