Магний фториди
Көрүнүш
Магний фториди, MgF2, a- MgF2 башка дагы структурасы такталбаган тетрагоналдык формадагы, b жана d түрлөрү белгилүү. Сууда начар эрийт (25оС 100 г сууда 0,013 г магний фториди эрийт). Жаратылышта селанит (a-MgF2) минералы түрүндө кездешет. Магний фториди MgSO4 же MgO суутек фторди к-тасы же MgCl2 КF же NH4F менен өз ара аракеттенишүүсүнөн алынат. Флюстар, айнек, керамика, эмаль компоненти катары жасалма слюда, асбест алууда аралашмалар компоненти жана башкалар катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6