Мазмунга өтүү

Магниттик аномалиялар

Википедия — ачык энциклопедия

Магниттик аномалиялар – Жер бетиндеги магнит талаасынын бир калыптагы абалынан өзгөрүп, кескин түрдө көбөйгөн геомагниттүү талаа. Картада жер магнетизминин бирдей маанидеги чекиттерин туташтырып туруучу сызык түрүндө белгиленет. Ээлеген аймагы боюнча континенттик, аймактык, локалдык магниттик аномалияларга бөлүнөт. Континенттик магниттик аномалиялар 10–100 миң км2 аянтты кучагына алып, мында бирдей магниттүү талаалар (диполь талаалары) нормалдуу талаа болуп эсептелет. Мисалы, Чыгыш Сибирь, Зонд аралы Аймактык магниттик аномалиялар 1–10 миң км2 аянтты ээлеп, жер кыртышынын түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот. Мисалы, Сибирь, Чыгыш Европа платформалары. Жергиликтүү магниттик аномалиялар бир нече м2дан жүздөгөн км2 аянтты камтып, жер кыртышынын үстүнкү бетинин түзүлүшүнө, тоо тектеринин магниттелишине көз каранды болот (темир кени жаткан жерлер, мисалы, Курск магниттик аномалиялар). Ошол себептен Кен байлыктарды издөөдө, чалгындоодо магниттик съёмка ыкмасы кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]