Магниттик потенциалды өлчөгүч
Магниттик потенциалды өлчөгүч – магнит талаасынын кандайдыр эки чекитинин ортосундагы потенциалдардын айырмасын жана магниттелген үлгүнүн бетиндеги магнит талаасынын чыңалышын өлчөөчү курал.
Магниттик потенциалды өлчөгүч катары феррозонд, Холл эффектиси боюнча иштөөчү өзгөрткүчтөр, магнит-резистордук өзгөрткүчтөр ж. б. түзү-лүштөр колдонулат. Узунунан кесилиши боюнча турактуу болгон индукцялык чыгырыктын бифилярдык оромолору Магниттик потенциалды өлчөгүч үчүн кеңири колдонулат. Турактуу магнит талаасында оромолордун учтары өлчөөчү баллистикалык гальванометрге же микровеберметрге, өзгөрмө магнит талаасында вольтметрге же электрон-нур осциллографына туташтырылат. Мындай Магниттик потенциалды өлчөгүч турактуу бир тектүү эмес магнит талаасында жайгашса, андан өтүүчү магниттик агым анын учтарынын арасындагы потенциалдардын (Uмаг) айырмасына пропорциялаш болот. Аны магнит талаасынан ажыратса, баллистикалык гальванометрдин жебеси четке кыйшаят. Индукциялык чыгырыкка Магниттик потенциалды өлчөгүч жардамы менен 10-3–10-2А магниттик потенциалдардын айырмасын өлчөөгө болот. Өтө сезгич феррозонддуу Магниттик потенциалды өлчөгүчтүн жардамы менен 10-5–10-6А магниттик потенциалдардын айырмасын өлчөөгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0