Магнит-гидродинамикалык генератор
Көрүнүш
Магнит-гидродинамикалык генератор – жылуулук энергиясын түздөн түз электр энергиясына айландыруучу энергиялык түзүлүш.
Магнит-гидродинамикалык генератор электр энергиясын берүү ыкмасы боюнча кондукциялуу, индукциялуу, импульс-тук жана узак үзгүлтүксүз иштөөчү болуп айырмаланат. Магнит-гидродинамикалык генератор жумуш аткаруучу зат, жүрүүчү каналдан, магнит талаасын пайда кылуучу электр-магниттик системадан жана электр энергиясын тизмекке берүүчү түзүлүштөн турат. Магнит-гидродинамикалык генератордун иштөө принциби электр-магниттик индукция кубулушуна негизделген. Магнит-гидродинамикалык генератордун жумуш аткаруучу заты катары электролиттер, суюк металлдар жана иондошкон газдар–плазмалар колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0