Магнит-оптика

Википедия дан

Магнит-оптика, магнетооптикафизиканын бөлүмү; анда маг­нит талаасынын таасири менен чөйрөнүн оптикалык касиетинин өзгөрүшү жанa оптикалык нурдун ошол магнит талаасына коюлган зат менен өз ара аракеттениш өзгөчөлүктөрү изилденет.

Магнит талаасы башка вектордук талаадай эле мейкиндикте белгилүү багытта болуп, ал талаа чойрөгө кошумча оптикалык анизотропияны берет. Магнит-оптикалык кубулуштарга төмөнкүлөр кирет: магнит талаасындагы спектр сызыктарынын ажырашы (Зееман эффектиси), магнит талаасын­дагы жарыктын поляризация тегиздигинин айланышы (Фарадей ку­булушу), магнит талаасындагы изотроптуу заттан жарыктын эки ирет сынышы (Коттон-Мутон эффекти) ж. б. Азыркы Магнит-оптика маселесннде бул эффектилер үйрөнүлөт жанa пайдаланылат. Магнит талаасындагы чөйрөнүн оптикалык анизотропиясы жарык андай чөйрөнүн бетинен чагылган учурда да байкалат. Мындай чагылууда чагылган жарыктын поляризациясы өзгөрөт. Бул эффект биринчи кезекте ферромагнетиктерде байкалып, Магнит-оптикалык Керр эффектиси деп аталат.

Магнит-оптика катуу заттарда, өзгөчө жарым өткөргүчтө, кристаллдарда, ферриттерде жанa антиферромагнетиктерде интенсивдүү өнүккөн. Жаңы Магнит-оптика эффектилери (жарык агымынын чоц интенсивдүүлүгү) байкалгандан кийин лазер пайда болду. Магнит-оптика эффектилери атомдордун, электрон спиндерннин жанa ядролук кристаллдагы оптикалык багыттуулук кубулушуна, циклотрондуу резонансына ж. б. тыгыз байланышкан. Магнит-оптика методдору оптикалык өтүштөгү квант абалын, заттын физ.-хим. структурасын, атом, молекула иондордун өз ара аракеттеништерин, металл, жарым өткөргүчтөрдүн электрон структурасын ж. б. изилөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.