Мазмунга өтүү

Магнит-стрикциялык өзгөрткүчтөр

Википедия — ачык энциклопедия

Магнит-стрикциялык өзгөрткүчтөр – иштөөсү магнит-стрикциялык эффектиге негизделген электр-механикалык же электр-акустикалык өзгөрткүч. Ал магнит-стрикциялык материалдан жасалган өзөкчөгө оролгон оромодон турат.

Магнит-стрикциялык өзгөрткүчтөрдө нурланткычта өзөкчөдөгү оромо аркылуу өзгөрмө электр тогу өткөндө пайда болгон өзгөрмө магнит талаасынын энергиясы өзөкчөнүн механикалык термелүүсүнүн энергиясына өтөт. Магнит-стрикциялык өзгөрткүчтөр-кабыл алгычта тышкы өзгөрмөлүү күчтүн таасири астында пайда болгон өзөкчөнүн механикалык термелүүсүнүн энергиясы оромодогу ЭККүн пайда кылуучу магнит талаасынын энергиясына өтөт.

Магнит-стрикциялык өзгөрткүчтөр гидроакустикада, ультраүн технологиясында, акустикалык электроникада үндү нурлантуучу жана кабыл алуучу чыпка, резонатор ж. б. катары колдонулат. Аталган учурларда Магнит-стрикциялык өзгөрткүчтөрдүн материалы болуп металл магнит-стрикциялык материал жана карапа феррит колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]