Магнит анизотропиясы
Көрүнүш
Магнит анизотропиясы – ар кандай кристаллографиялык багыттар боюнча нерселердин магниттик касиеттеринин бирдей эместиги. Изотроптуу газ, суюк, аморфтуу жана поликристаллдуу катуу нерселерде магнит анизотропиясы макромасштабда байкалбайт. Магнит анизотропиясы ферромагниттик монокристаллдарда ачык байкалат, анткени мындай кристаллдардын жеңил магниттелүүчү октору бар. Ошол октор боюнча өз алдынча магниттелүүчү ферромагниттик домендер багытталган. Домендин магнит энергиясы минималдуу болгондуктан, октор боюнча магниттелиши жеңил болот. Кээ бир поликристаллдарды механикалык, жылуулук, магниттик жол менен иштеп чыгууда, алар кристаллографиялык же магниттик текстурага ээ болуп, пайда болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7