Магнит кабылдоочулук

Википедия дан

Магнит кабылдоочулук — берилген заттын магнит моменти (магниттелиши) менен анын магнит талаа­сынын арасындагы байланышты мүнөздөөчү физ. чоңдук.

  • Көлөмдүк Магнит кабылдоочулук бирдик колем ичиндеги заттын магниттелишинин (J) магниттөөчү магнит талаасынын чыдалышына (Н) болгон катышына барабар: х =У///. Магнит кабылдоочулук өлчөмсүз чоңдук жанa өлчөмсүз бирдик менен ченелет. 1 кг (же 1 г) затка эсептелген Магнит кабылдоочулук салыштырма (х0=х/р, мында р — заттын тыгыздыгы), ал эми 1 молго эсептелген
  • Магнит кабылдоочулук молдук Магнит кабылдоочулук деп аталат: у. — = хс-М, мында X — заттын мол. массасы. Магнит кабылдоочулук оң же терс болушу мумкүн.
  • Диамагнетиктер терс Магнит кабылдоочулукка ээ, алар талаанын багыты боюнча эмес, багытына карты магниттелет. Пара­магнетик жанa ферромагнетикте Магнит кабылдоочулук оң (алар талаа багыты боюнча магниттелет).
  • Магнит кабылдоочулук температурага көз каранды болуп, температуpa жогорулаганда парамагнетпктнн Магнит кабылдоочулуку төмөндөсө ферромагнпттүү нерселердин Магнит кабылдоочулуку жогорулайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.