Мазмунга өтүү

Магнит чынжыры

Википедия — ачык энциклопедия

Магнит чынжыры – магниттик агым өтүүчү магнетиктердин тизмеги.

Магнит чынжыры түшүнүгү турактуу магниттерди, электр-магниттерин, реле, магнит күчөткүчтөрүн, электр өлчөөчү приборлорду эсептөөдө кеңири колдонулат. Магнит чынжырына ферро жана диамагнетиктер катышат. Магнит чынжырында магниттик агымды турактуу магнит пайда кылса, мындай чынжыр поляризацияланган деп аталат. Турактуу магнити болбогон Магнит чынжырында магниттик агымды дүүлүктүргөн ток Магнит чынжырынын айрым бөлүктөрүндө же бүт Магнит чынжырынан өтөт. Токтун дүүлүгүү мүнөзүнө жараша магниттик агымдар турактуу, өзгөрмө жана импульстуу болуп айырмаланат. Электр жана Магнит чынжырылары формалдуу окшош болгондуктан аларга жалпы законченемдүүлүктөр колдонулат (Омдун, Кирхгофтун закондору).

Магнит чынжыры электр чынжырынан принципиалдуу айырмаланат. Магнит чынжыры аркылуу турактуу магниттик агым өткөндө жылуулук бөлүнүп чыкпайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]