Мазмунга өтүү

Магнит электрдик өлчөө механизми

Википедия — ачык энциклопедия

Магнит электрдик өлчөө механизми – турактуу магниттин талаасы менен тогу бар кыймылдуу контурдун өз ара аракеттешүүсүндө механикалык жумуш аткарууга ылайыкталган түзүлүш.

Алкак аркылуу ток өткөндө айлануу моментин жаратуучу күч (Ампер күчү) пайда болот да, ал алкактын айлануусу түзгөн механикалык момент менен теңсалмакташат. Магнит электрдик өлчөө механизминин негизинде турактуу жана өзгөрмө ток үчүн вольтметрлер, амперметрлер, гальванометрлер, логометрлер жасалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]