Магнолия

Википедия дан
Magnolia wieseneri.

Магнолия (лат. Magnolia, L. 1753) – магнолиялар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл өсүмдүк уруусу. Жалбырагы жөнөкөй, чоң, сүйрү. Гүлү жалгыздан, кош жыныстуу, өңү ак, саргыч, кочкул кызыл, жыттуу. Мөмөсү – тобурчак сымал топ жалбыракча. Уругу сүйрү, кара. Магнолиянын 80дей түрү белгилүү. Чыгыш Азия, Америка, Вест-Индияда өсөт, Ошондой эле. Кара деңиздин жээги, Кавказ, Орто Азияда өстүрүлөт. Чоң гүлдүү магнолия (Magnolia grandiflora L.) – дайыма жашыл дарак. Бийиктиги 30 мге жетет, сөңгөгү түз, шактуу. Жалбырагы чоң (узундугу 25 см, жазылыгы 12 см), калың, жылмакай. Гүлү өтө чоң (диаметри 30 смдей), ак, жыттуу. Майдан сентябрга чейин гүлдөйт. Бышканда мөмөсү ачылып, узун кызыл жипчеде уругу илинип (салаңдап) турат. Магнолия кооздук үчүн жана коргоочу токой тилкесинде көп өстүрүлөт. Жалбырагы менен гүлүнөн эфир майы алынат. Айрым түрүнүн жалбырагында 2% алкалоид болот, дары препараттары жасалат. Уругу менен бүчүрүнөн кыйыштырылып көбөйтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]