Маданий инновациялар

Википедия дан

Маданий инновациялар (инновации культурные) – социология менен культурологияда этностун маданиятынын өнүгүүсүнүн мурунку этаптарында болбогон, бирок, кийин пайда болгон маданий кубулуштарды белгилөө үчүн колдонулган термин. Маданий инновациялардын пайда болуу жолдору ар кандай. Социологдор төмөнкүдөй эки процесске көңүл бурушат:

1.Санакталган тизме бирдиги маданияттын өнүгүүсүндөгү ойлоп чыгаруучулук же жаңы киргизүүлөр (маданий мутациялар) түрүндөгү ички этабы жана тышкы этабы )

2.Башка маданияттан келген элементтерди өздөштүрүү жана стимулдаштырылган маданий трансформациялар формасындагы инновациялардын тышкы этабы. Маданий мутацияларга, эреже катары, динамикалуу өнүгүп жаткан коомдордун керектөөлөрүнө жооп берген максаттуу ойлоп табууларды (металлургиянын пайда болушу, жапайы жандыктарды колго үйрөтүү, өсүмдүктөрдү маданиятташтыруу, ошондой эле техниканын өнүгүшү) киргизишет. Ошол эле учурда маданиятка бекем орноп калган жана маданий традициялардын пайда болушуна түрткү берген кокустуктар да өзгөчө мааниге ээ. Башка маданияттан келген элементтерди өздөштүрүү – маданий инновациялардын кеңири жайылтылган түрү. Тышкы таасирлер башка маданияттан келген элементтерди өздөштүрүп гана тим болбостон, стимулдаштырылган трансформацияга да алып келет. Маданий инновациялар этностун маданиятына төмөнкүдөй 3 этапты басып өтүү менен кирет:

1.Тандап алуу этабы – мында инновациялардын баары берилген этностун маданияты тарабынан чыпкаланат (башка маданияттан келген элементтерди өздөштүрүү да тандалма жолу менен жүрөт);

2.Модификациялануу этабы – мында инновациялар берилген этностун маданиятынын өзгөчөлүк-төрүн эске алат;

3.Интеграция этабы – мында маданий инновациялар жаңы нерсе катары кабыл алынуудан калат да, берилген этностун маданиятындагы традицияга айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8