Маданий өздөштүрүүлөр

Википедия дан

Маданий өздөштүрүүлөр - маданий инновациялардын бир маданияттан экинчисине өтүү процесси, маданий өзгөрүүлөрдүн бир кыйла кеңири тараган булагы. Маданий өздөштүрүү түшүнүгү айрым материалдык буюмдар, илимий идеялар, үрп-адаттар, салттар, баалуулуктар жана жашоо нормалары кайдан жана кантип кабыл алына тургандыгын көрсөтөт. Маданий өздөштүрүүнүн ар бир тиби үчүн антропологдор менен этнологдор маданият кубулушу пайда болгон жана кийин таралган өлкөлөр көрсөтүлгөн маданият атласын түзүшөт. Мисалы, маданий өсүмдүктөрдүн географиясы төмөндөгүдөй: таруу, түрп, гречиха Кытайдан таралган; күрүч, лимон, апельсин, манго, кант тростниги, мандарин Индияда маданиятташтырылган; жумшак буудайдын, буурчактын, жасмыктын, пахтанын, сабиздин, мистенин, өрүктүн мекени Орто Азия; Түштүк Кавказ жана Кичи Азия дүйнөгө кара буудайды, жүзүмдү, алмурутту анарды, анжирди, гиласты, бадамды, жаңгакты, ал эми Борбордук Америка - жүгөрүнү, буурчакты, ашкабакты, калемпирди берди. Кофе Эфиопиядан, сары май, ачыткы менен даярдалган нан Египеттен, помидор Түштүк Америкадан, майонез Франциядан тараган. Маданий өздөштүрүү процессинде башкалардын маданий жетишкендиктерин кабыл алган өлкө реципиент, ал эми өз жетишкендиктерин берген өлкө донор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]