Маданияттын глобалдашуусу
Маданияттын глобалдашуусу - азыркы унаа каражаттарынын, экономикалык байланыштардын, дүйнөлүк рыноктун жана массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсүнө байланыштуу түрдүү элдин маданиятынын дүйнөлүк системага интеграциялануу процесси. «Глобалдашуу» термини 20-к. 80-ж. аягында улуттардын жакындашуусу жана элдердин арасындагы маданий байланыштардын кеңейүү проблемаларына байланыштуу пайда болгон. Маданияттын глобалдашуусунун оң жана терс жактары бар. Маданий байланыштардын кеңейиши, адамдардын ортосундагы байланыш элдердин жакындашуусуна алып келет. Арийне, башка элдердин маданий жетишкендиктерин ыксыз эле кабыл ала берүү менен маданий өзүнчөлүктү жоготуп алуу мүмкүн. Маданий өзүнчөлүктү жоготуп алуу коркунучу улам өсүп бараткан ассимиляцияда - майда маданияттын ири маданияттын, улуттук азчылыктын маданий өзгөчөлүктөрүнүн чоң улуттун маданиятынын арасында жок болушу - жатат. Маданий өзүнчөлүктү жоготуу жана маданияттын сиңип кетиши толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн. Маданий таасир берүү чегинин ачыктыгы, кеңейип бараткан маданий байланыштар бир жагынан түзүк тажрыйбаларды алмашууга, маданиятты байытууга, экинчи жагынан унификация стандартташтыруунун, бүт дүйнөгө бирдей маданий үлгүлөрдүн таралуусунун эсебинен маданиятты жакырдантууга алып келиши мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4