Маданияттын диалектикасы

Википедия дан

Маданияттын диалектикасы – маданий чөйрөдөгү өткөндөн учур чакка, учурдан келечекке карай тынымсыз өтүү процесси. Күнүмдүк коомдук тажрыйба өткөн муундар тарабынан түзүлгөн тажрыйбага туруктуу түрдө кайрылууну, аны учурга ылайыкташтырууну, андагы пайдалуу жана зарыл элементтерди ылгап алууну, ошондой эле аларды келечектеги керектөөлөргө жараша байытууну талап кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8