Мазмунга өтүү

Римма Мадварова

Википедия — ачык энциклопедия
("Мадварова Римма‎"‎ барагынан багытталды)

Мадварова Римма (1929-ж. т., Мерке району) - флейтачы, темир комузчу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992).

  • 1948-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында флейта классынан окуган.
  • 1953-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын оркестринде 1-партиядагы флейтада ойноого,
  • 1954-ж. Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру, эл артисти Б. В. Фефермандын чакыруусу менен оркестрдин музыканты болуп иштеген.
  • 1979-жылдан тартып П. Шубин атындагы балдардын музыкалык мектебинде флейтадан сабак берген.

Бир эле мезгилде 1979-ж. алгачкы жолу 15 кыргыз, орус балдар-кыздарынан турган «Керемет» темир комузчулар ансамблин уюштурган. Ансамбль үчүн «Селкинчек», «Терме күү», «Керөзөн», «Кыз оюн», «Майрам күүсү» ж. б. күүлөрдү иштеп чыккан. композиторлор К. Молдобасанов, С. Бактыгулов, Р. Миронович, М. Бурштин ж. б. атайын темир комуз үчүн күүлөрдү жазышкан.

  • 1988-ж. музыка изилдөөчү А.Кузнецов менен жазган «Темир комузда ойноо» аттуу окуу китеби жарык көрген.
  • 1984-ж. бүткүл союздук «Мелодия» фирмасынан «Кереметтин» аткаруусундагы чыгармалардын эки грампластинкасы чыккан. М. жетектеген ансамбль Республикалык эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын ар кандай коомдук, өкмөттүк

мекемелердин 58 Ардак грамоталарын, дипломдорун жеңип алган. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. лауреаты. КМШ өлкөлөрүндө, Монголияда, Түркияда, Германияда, Норвегияда, Австрияда гастролдо болгон.

Бүткүл дүйнөлүк темир ооз комуз ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү, эки жолу «Эмгектеги артыкчылык», «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.