Мадейра

Википедия дан

Мадейра аралдар тобуАтлантика океанындагы аралдар тобу, Африка жээгинен түндүк-батышта. Португалиянын өзэркин аймагы.

Мадейра Өзэркин Аймагы
Flag of Madeira.png

Coat of arms of Madeira.svg

Негизги маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]

Аянты 797 км2. Эң чоң аралы – Мадейра (бийиктиги 1860 мге чейин; Бику-Руйву чокусу). Аралдары суу астындагы жанар тоолордун чокулары. Климаты океандык, жер ортолук деңиздик; жылдык жаан-чачыны 740 ммге чейин. Жер ортолук деңиз өсүмдүктөрү (маквис, каштан токою, лавр дарактары, мырза карагай) өсөт. Тропик дыйканчылыгы, жүзүм­чүлүк, шарап чыгаруу өнүккөн. Кышкы курорттору бар. Башкы шаары жана порту – Фуншал (Мадейра аралында).

Топографиялык картасы.

Ал 1419-жылы португалиялык деңиз саякатчылары Ж. Гонсалвиш-Зарку жана Т. Ваш Тейшейр тарабынан ачылган. 1433-жылдан азыркы аты менен белгилүү. 15-кылымдан бал камыш өстүрүлө баштаган. 17-кылымдан шарап өндүрүлөт. 1807–14-жылдары наполеон согушу учурунда британиялыктар басып алган. 1976-жылдан Португалиянын автономия региону. Аралдын өз парламенти бар. Арал жалпы элдик шайлоо аркылуу шайланат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]