Мадияров Мамазакир

Википедия дан

Мадияров Мамазакир 1959-жылы 30-ноябрда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1981-жылы Саратов шаарындагы Жогорку аскер-учкуч окуу жайынын учкуч-инженер кесибин бүтүргөн.
  • Окууну бүткөндөн кийин, Грузиянын Закавказ, Болгария, Одесса, Ленинград аскер округдарында аскер учкучу болуп кызмат өтөгөн.
  • 1983-1985-жылдары Афганистан Эл Республикасында кызмат өтөп келген.
  • 612 жолу аскердик абага учкан.
  • 1986-жылы Өкмөттүн тапшырмасы менен Чернобылда өрт өчүрүүгө, Тоолуу Карабахта, Баткен обласында пайда болгон эл душмандарын жок кылууга катышкан.
  • 1992- жылы Кыргыз Өкүмөтүнүн чакыруусунда Кыргызстанга келип, Кыргыз Республикасынын Коргоо Министринин буйругу менен, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Исфана, Кербен шаарларында аскер коммисары болуп кызмат өтөгөн.
  • Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин аскер кафедра башчысы, Афган согуш ардагерлер Союзунун төрагасы, Аскер ардагерлер Кеңешинин Жалал-Абад шаары боюнча төрагасы кызматтарын аткарып келе жатат.
  • Аскердик чини полковник.
  • 2008-жылы Жалал-Абад шаардык Кеңешине депутат болуп шайланган.
  • Ушунча жыл кынтыксыз ьсызмат кылып, уюштургуч, жакшы жетекчи экендигин көрсөтүп,
  • 1 орден 16 медаль, көптөгөн ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Жалал-Абад шаардык “Ардактуу атуул” наамынын ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3