Леонид Маевский

Википедия дан
Маевский Леонид Станиславович‎»‎ барагынан багытталды)
Леонид Маевский
Леонид Станиславович Маевский
Туулган датасы:

6 -сентябрь 1960(1960-09-06) (63 жаш)

Туулган жери:

Рубцовск, Орусия

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Орусия

Партиясы:

РФКП фракциясы (3-чү чак.)

Ишмердүүлүгү:

Мамлекеттик думанын 3-чү чакрылышынын депутатты

lmaevskiy.com

Леонид Маевский — 1960-жылы 6-сентябрда Орусиянын Рубцовск шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Аскер-деңиздик училищесин аяктаган. СССРдин аскер-деңиз флотунда аскердик милдетин өтөгөн.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолу:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1987-жылы дивизиянын үчүнчү даражадагы капитаны наамы ыйгарылган; 1993 – 1996 — Казакстандын байланыш министрлигинин алдындагы "Промтелерадио" ишканасын башкарган. "Хабар" улуттук телеканалынын эфирге чыгышына салым кошкондордун бири; 1997 — "Общероссийское" радиосунун директорунун орун басары, "Русский канал — всемирного русского телевидения" каналынын директорунун орун басары; 1998 – 1999 — "Новые технологии. XXI век" телекомпаниясынын директору; 2000 – 2003 — КПРФ партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты; 2004 – 2008 — LV Finance компаниясынын жетекчиси; Андан соң ал Россия, КМШ мамлекеттеринде телекоммуникациялык долбоорлор менен иштеген. Эл аралык операторлордун арты менен спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы инетернет таратуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып келген.

2016-жылдын февраль айында УКМКга кайрылып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага MegaCom ишканасынын акциясын берем деп 1 миллион доллар алгандыгын айткан. Андан кийин депутатка карата кылмыш иши козголуп, ал УКМК тарабынан камакка алынган.