Майда буржуазиялык саясий экономия

Википедия дан

Майда буржуазиялык саясий экономия — майда буржуазия идео­логиясын чагылдырган бурж. саясий экономия агымы.

  • 19-кылымдын башында пайда болгон. Негиздөөчүлөрү — Ж. Ш. Л. С. Сисмонди менен П. Ж. Пру­дон.
  • Бул агымдын өкүлдөрү бир жагынан капитализмдин майда буржуазиянын мүдөөсүнө карты келген жактарын сынга алат да, экинчи жактан капит. экономпканын негизин колдоп, майда жеке менчикти, майда товар өндүрүшүн сактоого жанталашат.
  • Майда буржуазиялык саясий экономиянын идеалы азыркы кездеги өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү менен сыйышпас майда бурж. мамилелерди калыбына келтирүү бо­луп эсептелет. К. Маркс менен Ф. Эн­гельс анын эки башкы багытын белгилеген. Биринчиси мурунку өндүрүш жана товар алмашуу каражаттарын, менчик (өндүрүш) мамилелерди жана эски коомду калыбына келтирүүге умтулат.
  • Бул агымга 19-кылымда Россиядагы либерал народниктердин экон. теориясы жана азыркы африкалык, азиялык «социализм» жөнүндөгү теориялар кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.