Альберт Абрахам Майкельсон

Википедия дан
Майкельсон Альберт Абрахам‎»‎ барагынан багытталды)
Albert Abraham Michelson
Туулган жылы:

Декабрь, 19, 1852

Туулган жери:

Стрельно, Пруссия

Каза болгон жылы:

Май 9, 1931

Каза болгон жери:

Пасадина, Калифорния, США

Илимий чөйрөсү:

физика, астрономия

Майкельсон Альберт Абрахам - америкалык физик. Ал Деӊиз Академиясын бүтүргөн. Академияда ал жаратылыш жөнүндөгү илимдерге кызыгып калган. Бул жерде Майкельсон Фуконун айланма күзгү методун өркүндөтүп, аны менен жарыктын ылдамдыгын өлчөө боюнча өзүнүн алгачкы тажрыйбаларын баштаган.

1880-ж. ал 2 жылга үй-бүлөсү менен Европага көчүп барат. Ушул мезгилде ал өзүнүн атактуу интерферометринин алгачкы моделин куруп, аны Гельмгольцтун лабораториясында сынаган. Титирөөнү жоюу үчүн ал өз приборун ажыратып, аны Потсдамда орноткон. Өзүнүн Потсдамдагы тажрыйбасынын натыйжаларын ал 1881-ж. «Жердин жана жарыкты алып жүрүүчү эфирдин салыштырмалуу кыймылы» аттуу макаласында жарыялаган. Тажрыйбада эч кандай салыштырмалуу кыймыл аныкталган эмес.

Америкага кайтып келип, ал хи¬мия профессору Эдвард Морли менен бирге өз экспериментин кайталоону даярдай баштаган. Алар алдын ала Физонун жарыктын ылдамдыгын кыймылдуу сууда өлчөө боюнча тажрыйбасын кайталашкан. Тажрыйба чоӊ тактык менен Физонун 1851-ж. алынган натыйжаларын ырастаган. Андан кийин алар Жердин кыймылынын жа¬рыктын таралуусуна таасир этүүсүн изилдөө боюнча Майкельсондун тажрыйбасын кайталашкан. Тажрыйбалар 1887-ж. июлда аяктаган. Натыйжа кайрадан терс болуп чыккан, күтүлгөн жылышуу дээрлик байкалган эмес. 1887-ж. Майкельсон менен Морлинин «Жердин жана жарыкты алып жүрүүчү эфирдин кыймылы» аттуу макаласы басылып чыккан.

Жарыктын ылдамдыгын өлчөө боюнча Майкельсондун өзү жана анын Морли менен жүргүзгөн тажрыйбалары физикада жарыктын вакуумдагы ылдамдыгынын туруктуулугунун аныкталышында жана жарыкты алып жүрүүчү эч кандай эфир жок деген фактыны таанууда чечүүчү роль ойногон.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жуманова М.М., Алиева Ч.М. Өчпөс ысымдар – Немеркнущие имена: Физиканын тарыхы боюнча кыргызча-орусча библиографиялык окуу-сурап билме куралы / Проф. Б.А.Араповдун редакциясы астында. –ОшМУнун «Билим» редакциялык-басма бөлүмү, 2007. – 87 б., кырг., орус тил.