Майлооч май
Майлооч май – нефть же ар кандай синтезделген продуктуну, ошондой эле өсүмдүк жана жаныбар майларын кайра иштетүүдөн алынган суюк продукт. Ал механизмдердин катуу тектиктеринин сүрүлүшүн, бетинин жешилишин жана энергиянын коромжу болушун азайтуу максатында майлоодо колдонулат. Майлооч майдын негизги көрсөткүчтөрү – илээшкектик, дүрт этип күйүү жана тоңуу температурасы, окистенүүгө (кычкылданууга) туруктуулугу эсептелет. Илээшкектүүлүгүнө жараша майлооч май – жеңил, орто жана оор болуп бөлүнөт. Ошондой эле авиациялык, вакуумдук, буу менен иштөөчү жана муздаткыч машиналарда, индустриялык, компрессордук, мотордук, трансмиссиялык, пластикалык, турбиналык, трансформатордук, сааттык, электроизоляциялык ж. б. болуп айырмаланат. Мотордук майлооч майлардын негизги маркасы М6Б, М8В, М10Г д. у. с. тамгалар жана сандар менен белгиленет. Мында М тамгасы майдын мотордук, ал эми сандар болсо 100°С температурадагы майдын кинематикалык илээшкектигин билдирет. Тыгыздоосу начар же тыгыздыгы дээрлик жок механизмге колдонулуучу айрым майлооч майга өсүмдүк жана жаныбар майлары кошулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7