Майлы-Суу минералдуу суусу

Википедия дан
Майлысуу минералдуу суусу‎»‎ барагынан багытталды)

Майлы-Суу минералдуу суусу Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы дарылык касиети бар жылуу суу. Избаскен кыштагынан 18 км түштүк-чыгышта, Фергана тоо тизмегинин түштүк этегинде, деңиз денгээлинен 2100 м бийиктикте. Суу 1965-ж. терең бургулоо көзөнөктөрүн өткөлдөөдө табылып, изилденген. Суу Избаскен нефтилүү антиклиналь түзүлүшүнүн батыш чет-жакасында жайгашып, палеоген мезгилинде пайда болгон кумдук жана чопо тектеринин (калыңдыгы 263 м) арасындагы акиташ тоотек катмарында топтолгон. Суулуу горизонттун астында юра мезгилинин чопо, алевролит тектери, үстүндө кумдук жана чопо катмарлары жатат. Суунун температурасы 21°С. Химиялык курамы боюнча хлорид-натрий-калий тибине кирет. Дебити 6,5 л/сек. Жалпы минералданышы 29 – 36 дан 57,5 г/лге чейин. Өңү саргыч, даамы ачуу-туздуу, күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында бром 0,024 мг/л; йод 0,015 мг/л; фенол 0,01 мг/л; органикалык көмүр кычкыл газы 0,03 мг/лге чейин. 1 литр суудагы катиондор: Са - 8,2; Mg – 0,28; Na+K – 13,2. Аниондор: Cl – 35,6; HCO3 – 0,1; SO4 – 0,07ге чейин. Муун жана тери ооруларын киринүү жолу менен дарыланса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]