Маймун

Википедия дан

Маймунтопоним, «Манас» эпосунуннегизги варианттарында кыргыздарга чектеш жер жана андагы жашаган элдин аты. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Шоорук кан М-дуктардан деп берилет:

Дөбөт чөлү атанып,

Жакасы кум, тоосу таш,

Алайдын түштүк жагында,

Башы Даң-Дуң тоосунда,

Маймундуктун Шоорук кан

Жаткан экен ушунда (Сагымбай Орозбаков, 2. 200).

Географиялык реалияда Оогандын түндүк-батышындагы шаар. Жергиликтүү тилде аталышы Маймене. Ооганстандагы башка жерлер менен бирге 15-кылымдын 20-жылдарында Аксак Темирдин уулу Шахрух («Манас» эпосунда Шоорук) башкарып турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4