Май боёк живописи
Май боёк живописи – живопистин байланыштыргыч зат катары өсүмдүк майын колдонгон түрү. Май боёк живописи 15-кылымдын башында ага-ини ван Эйктер иштеп чыккан. Тондорунун түстөрдүн ургаалдуулугунун, ийкемдүүлүгүнүн натыйжасында дүйнө көрүнүшүнүн сүрөттөлүшүн түзүүдө өтө бай мүмкүнчүлүктөргө ээ. Анын боёк катмары жука жана паста сымал, тунук жана калың, жалтырак жана бозомтук, ачык жана түсү боюнча эң кочкул боло алат. Көп катмарлуу живопись менен бирдикте бул техникада тез тартылуучу живопись да аткарылат. Желим боёктору, айрыкча гуаштан айырмаланып, май боёктордун түстөрү кургагандан кийин да өзгөрбөйт. Ийкемдүүлүк, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө бай материалдык эпке келгичтиги жана боёк катмарынын чыдамдуулугу май боёк живописинин негизги артыкчылыктарына кирет. Мезгилдин өтүшү менен карарып же саргарып кетиши, узак иштегенде технологиялык талаптардын татаалданышы анын кемчилиги болуп саналат. Май боёк живописи 14-кылымдан баштап сүрөтчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү иштеген техника ыкмасы болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7