МакГилл Университети

Википедия дан
МакГилл Университети (1884).

МакГилл Университети (англ. McGill University;) - мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Ал Канаданын Монреаль шаарында жайгашкан. Ал 1821-жылы Улуу Британиянын падышасы Жорж IV тарабынан берилген падышанын жарлыгы менен түзүлгөн. Университет Джеймс Макгиллдин, Монреалдагы Шотландиялык соодагер, ысымынан коюлган. Анын мурасы 1813-жылы Макгилл колледждин ачылышына алып келген.

Башкы кампусу Монреалдын борборундагы Ройял тоосунун этегинде жайгашкан. Экинчи кампусу башкы кампусуна батышка карай 30 км (18 миля) алыс турат. Ал Монреаль аралындагы Сент-Анн-де-Бельвюда талаа жана токойлуу жерде жайгашкан. Анын академиялык бөлүмдөрү 11 факультеттен жана мектептерден турат. АКШдан башка жерде жайгашкан Америка университеттер ассоциациясынына мүчөсү болуп кирген эки жогорку окуу жайдын бири болуп саналат. Дүйнөдөгү 26 мыкты жогорку окуу жайлардын бири болуп, Дүйнөлүк экономикалык форуму менен Глобалдык лидер университеттер форумунун (GULF) мүчөсү болуп саналат.

МакГилл университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында 12 Нобель жана 142 Rhodes Scholars сыйлыктарынын лауреаттары (экөөндө тең көбу өлкөдөн чыккан). Дагы үч автронавт, үч канадалык премьер-министрлери, он үч Канаданын Жогорку сотунун судьялары, төрт чет элдик жетекчилери, 28 чет элдик элчилер, тогуз Оскар сыйлыгынын лауреаттары, он Грэмми лауреаттары, үч Pulitzer сыйлыгынын лауреаттары, жана 28 Олимпиада медалисттери, баарында ар кандай улуттагы адамдар бар. Анын тарыхы бою Макгил бүтүрүүчүлөрү футбол, баскетбол жана хоккей оюндарын ойлоп таап жана уюштуруп келишкен. МакГилл университетин бүтүрүүчүлөрү бир нече ири жогорку окуу жайларды жана колледждерди негиздешет, аларга: Британиялык Колумбия университети, Виктория жана Альберта, Шулих Медицина жана стоматология мектеби, Джон Хопкинс жана Доусон колледждери кирет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]