Мазмунга өтүү

Макала долбоору:Парз

Википедия — ачык энциклопедия

Ислам

Islam
Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

Келме Периштелер Ыйык китептер Пайгамбарлар Акырет Тагдыр

Ислам негиздери

Келме Намаз Орозо Ажылык Зекет

Китептери жана мыйзамдары

Куран Сүннөт Хадис
Сира
Шарият Мазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
Адил халифтер
Сахабалар

Мусулман түшүнүктөрү

Азан Бата Даарат Парз Даават Талак Гусул Жин

Коомдогу орду

Ислам таануу Илим
Өнөр Мечит Жыл санак Майрамдар Аялзатынын орду Жыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталы

Парз (арабча: فرض) – Аллах жана пайгамбарыбыздын буйруктары ачык-айкын, күмөнсүз далилдер менен айтылган өкүмдөр. Мисалы, беш убак намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү ж.б.

Парздын түрлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парз өз ичинде парз айн жана парз кифая болуп экиге бөлүнөт:

  • Парз айн: Ар бир мусулманга түздөн-түз жүктөлүп милдеттендирилген парздар. Мусулман бул парздарды жеке өзү аткарышы керек. Бир канча адамдардын аткаруусу менен башкалардын жоопкерчилиги да аткарылган болуп эсептелбейт. Башкача айтканда, бирөөнүн парзын башка бирөө өтөй албайт. Беш убак намаз, орозо, зекет сыяктуулар ушул парзга таандык.
  • Парз кифая: Жалпы мусулмандарга парз болуп турса да, айрым мусулмандардын аткаруусу аркылуу бүткүл мусулмандардын жоопкерчилиги орундалганга тете парздар. Албетте, эч бирөө аткарбаган абалда, жалпы коомчулук бул парздар жөнүндө жооптуу бойдон калат. Бул парздардын сообу аткаргандарга гана тиешелүү болот.
Жаназа намазы, күбөлүккө өтүү, Куран жаттоо сыяктуулар ушул парзга мисал. Тактап айтканда, бир шаарда бир бөлүк мусулмандар кайтыш болгон мусулмандын жаназа намазын окуса жетиштүү. Муну менен калган мусулмандар ушул жоопкерчиликтен кутулган болот.

Аткарылган парзга орошон сооп менен жакшылык бар. Ал эми өз милдети болгон парзды аткарбагандар акыретте азапка тартылат. Кимде-ким парзды жокко чыгарып, парздыгын моюндабаса динден чыгат. Парз экенин кабылдап, бирок аны аткарбаса, өз милдетин аткарбаганы үчүн күнөөкөр деп эсептелет.


Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[]