Олег Григорьевич Макаров

Википедия дан
Макаров, Олег Григорьевич‎»‎ барагынан багытталды)

Макаров, Олег Григорьевич (6. 1. 1933-ж. т., Калинин обл., Удомля кыш. - 28 маq 2003, Москва) — СССР космонавт учкучу, эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1973, 1978).

  • 1961-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1957-ж. Н. Э. Бауман атн. Москва жог. тех. окуу жайын бүтүргөндөн кийин, конструктордук бюродо иштеген.
  • 1966-жылдан космонавттар тобунда.
  • 1973-ж. 27—29-сентябрда В. Г. Лазарев менен бирге «Союз-12» космос кемесинде бортинженер болуп космоско учкан.
  • Кеме Жерди 32 жолу айланып чыккан.
  • 1978-ж. 10—16-январда В. А. Жаныбеков менен «Союз-27» космос кемесинде космоско учуп, орбиталык «Салют-6» — «Союз-26» комплекси менен ашташып биригишкен.
  • Макаров менен Жаныбеков «Союз-26» космос кемеси менен Жерге кайтып келишкен.
  • Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.