Макинбетов Эмил Кожошович
Көрүнүш
Макинбетов Эмил Кожошович (1963-жылы туулган, Фрунзе) – онколог, медицина илимдеринин доктору (2000). КММИни бүтүргөн (1986). Кыргыз акушердик жана педиатрия илим изилдөө институтунда (1986–90), Кыргыз онкология жана радиология илим изилдөө институтунда врач-ординатор, бөлүм башчы (1990–1999), 2000-жылдан УОБда улук илимий кызматкер. Балдардын онкология жана гемотологиясы боюнча адис. 30дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы бар. Эмгектери: Эпидемиология злокачественных опухолей у детей в Кыргызстане (в соавторстве). Б., 2001.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7