Макмастер Университети
Макмастер университети (англ. McMaster University; МакМастер же Mac деп да айтылат) - мамлекеттик илимий-изилдөө университет болуп саналат. Ал Канададагы, Онтариого караштуу Гамильтон шаарында жайгашкан. Башкы кампусу Гамильтон падышалык ботаникалык багына жакын Айнсли Вуд менен Вестдейл аймактарынан 121 га (300 акр) алыс турат. DeGroote бизнес мектеби, инженерия, саламаттыкты сактоо илимдери, гуманитардык, коомдук илимдер жана илимдер факультеттери менен алтыны түзөт. Канаданын илимий сыйымдуу жогорку окуу жайлар тобунун, U15, мүчөсү болуп саналат.
Университет ардактуу Уильям Макмастердин ысымынан аталган, ал белгилүү канадалык сенатор жана банкир болгон. Ал окуу жайдын ачылышына $ 900000 мурас катары бөлүп берген. 1887-жылы Онтарионун мыйзам чыгаруу жыйынынын боюнча Торонтодогу баптистик жана Вудсток колледждери бириктирилиши менен ачылган. Ал 1890-жылы Торонто шаарында ачылган. Гамильтондон белек катары берилген жердин жана окуу шарттары туура келбегендиктен 1930-жылы башка жерге көчкөн. 1957-жылы жеке чартердик жана мамлекет тарабынан каржыланып баштай электе, ал Квебектеги жана Онтариодогу баптистик ковенциясы тарабынан текшерилип турчу.
Макмастер университети биргелешкен билим берүү окуу жайы жана анда 25000 ашуун бакалвр студенттери менен 4000ден ашуун магистранттары бар. Бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерин Канада боюнча жана 140 өлкөдөн табууга болот. Белгилүү бүтүрүүчүлөр арасында өкмөт мүчөлөрү, академиктер, бизнес-лидерлер, эки Rhodes Scholars мүчөсү жана эки Нобель сыйлыгынын лауреаттары бар.