Макроспориоз
Көрүнүш
Макроспориоз – өсүмдүктүн кеңири таралган илдети, Macrosporium уруусундагы козу карын пайда кылат. Илдетке чалдыккан өсүмдүккө ар кандай өлчөмдө, формада жана түстө так түшүп, ал жердеги клетка өлөт. Өсүмдүктүн илдетке чалдыккан тканына кара кебер (өңөр) түшөт. Айрыкча картошка жана томат макроспориозу (илдет козгогучу Macrosporium solani), жүзүм макроспориозу (макроспориоз Vitis), гозо макроспориозу (макроспориоз nigricantium) өтө зыяндуу. Илдет козгогучтар конидия түрүндө тарап, өсүмдүк калдыктарында кыштайт. Илдет күчөп кетсе, өсүмдүк куурап калат. Каршы күрөшүү чаралары: туура которуштуруп айдоо; илдетке туруктуу өсүмдүк сортторун эгүү; өсүмдүк калдыктарын жок кылуу; терең коңтормо айдоо; өсүмдүккө фунгицид чачуу ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7