Макроэволюция

Википедия дан

Макроэволюция (гр. makros – узун, чоң) - жогорку рангдагы таксондордун (уруу, тукум, түркүм, класс жана башка) түзүлүшүнө, жаралышына алып келүүчү эволюциялык өөрчүү. «Макроэволюция» термини 1927-ж. Ю. А. Филипченко тарабынан сунушталган. Ал менен катар эле кээ бир окумуштуулар М. сапаттык өзгөчө процесс деп жазышкан. Бүгүнкү күндүн эволюционистеринин көпчүлүгүнүн көзкараштары боюнча М. өзгөчө механизмге ээ эмес. М. микроэволюция кубулушунан кийин гана ишке ашат. Микроэволюциялык процесстер топтолуп отуруп, М. түрүндө гана көрүнөт. М. кеңири тарыхый деңгээлде байкалган эволюциялык өзгөрүүнүн жалпыланган сүрөттөлүшүн чагылдырат. Ошондуктан, М-нын деңгээлинде гана микроэволюция деңгээлинде байкоого болбогон орг. дүйнөнүн эволюциясынын багыттарын жана законченемдүүлүктөрүн аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]