Максат Кунакунов

Википедия дан
Максат Касымжанович Кунакунов
Максат Касымжанович Кунакунов
Желек
Желек
IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
желек
желек
2007 — 2010
 
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: Либералдык-прогрессивдүү партиясы
Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Кесиби: саясатчы

Максат Касымжанович Кунакунов (2-январь 1981, Фрунзе) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Либералдык-прогрессивдүү партиясынын төрагасы. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Максат Кунакунов 1981-жылы 2-январда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикалык жогорку билимге ээ. 2003-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин ИИМОП Кыргыз-Европа факультетин аяктаган, экономика жана менеджмент магистри. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция дипломуна ээ болгон.

2009-жылы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында квалификациясын жогорулатуу боюнча эл аралык мамилелерди башкаруу программасын аяктаган[1].

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1997-жылы КТРК каналында "Мандарин" жаштар маалымат программасынын директору болуп баштаган.

1999-2001-жылдары аймак таануу институтунун ассистенти, 2002-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык өнүгүү фондунун башкы адиси болуп иштеген.

2004-2005-жылдары Манас эл аралык аэропортунда сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис кызматын ээлеген[1].

2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер агенттигинин бөлүм башчысы болуп иштеген.

Саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Либералдык-прогрессивдүү партиясын түзгөн[1].

2007-жылы «Ак-Жол» партиясынан IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган[1]. Парламентке шайланганда Кунакунов Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш депутат болуп калган. 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2009-жылдан – «Ак Жол» партиясынын парламенттик фракциясынын депутаты[1].

3 жыл аралыгындагы депутаттык кызматында 20 мыйзамдын демилгечиси болгон, анын ичинде кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча (4 мыйзам); адам укуктарын камсыздоо боюнча (3 мыйзам); мамлекеттик түзүмдөрдүн иштешин жакшыртуу боюнча (5 мыйзам); финансы рыногунун функциясын жакшыртуу боюнча (3 мыйзам); «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» мыйзам; ишкердик жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча (5 мыйзам).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Парламенттер аралык комиссиясынын төрагасы болгон[1]. Комиссиянын ишинин алкагында орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин кошумча басып чыгаруу, Ош шаарында Кыргыз-Орус Славян университетинин филиалын ачуу жана ар кандай маданий-агартуу иш-чаралары башталды. Эки өлкөнүн жаш саясатчыларынын туруктуу форумун уюштуруу.

2011-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.

2011-2015-жылдары Кыргыз-Россия славян университетинин Б. Ельцин атындагы (КРСУ) эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу болгон.

Көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал өзүнүн программасында мамлекеттик өнүгүүнү жана моделик түзүлүшүн өзгөртүүнү, мамлекеттик идеологияны киргизүүнү[2], Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүнү көздөйт[3].

« Бизде эмне бар: мамлекетте жана коомдо толук бөлүнүп-жарылуу жана карама-каршылык. Элдер көп партияларга бөлүнүштү, айылдардын саясий бытырандылыгын айтпаганда дагы, үй-бүлөлөр да бөлүнүп-жарылууда. Мамлекетти жана коомду жок кылуу үчүн идеалдуу шарттар түзүлгөн. Парламенттик республика - бул чексиз чыр-чатак жана баардыгын согушуп жаткан тараптарга бөлүү. Баардык атка минерлер эл үчүн эмес, партия же анын лидерлери үчүн иштегендиктен бийлик системасы солгундап кетти. Мамлекеттик тартип маселеси дагы көтөрүлгөн жок [2].
Максат Кунакунов
»

Кыргыз жана орус тили — өз тили; англис жана француз тили — баарлашуу денгээлинде.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2009 — «Соода-экономикалык иштин отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;
  • 2009 — «Финансы-экономикалык иштин отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
  • 2009 — «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» юбилейлик медалы;
  • 2010 — «Кызматта артыкчылыгы үчүн» төш белгиси.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]