Галбай Максытов

Википедия дан
Максытов Галбай‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1942-жылы Ош облусуна караштуу Лейлек районундагы Маргун айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1960-жылы “Кызыл-байрак” башталгыч мектебине мугалим болуп дайындалат. 1962-жылы Коминтерин жети жылдык мектебине которулат, ал жерде кыргыз тилинен сабак берет. Г.Максытов 1956-жылы 8-класста окуп жүргөн мезгилде эле райондук ”Колхозтурмуш” ( азыркы “Алга”) газетасына ар түрдүү жанрдагы макалалары, сүрөттөмөлөрү жарыяланып турган. 1964-жылы Кыргызстан мамилекеттик университетинин чет тил факультетинин француз тили бөлүмүнө кирип, аны 1969-жылы аяктаган. Ошондон бери Маргун орто мектебинде чет тил мугалими болуп иштеп келе жатат.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Г.Максытов педагогикалык иштеринде жараткан ийгиликтери үчүн 1995-жылы Республиканын элге билимберүү министирлигинин Ардак Громатасы менен сыйланган. 1983-жылы “Эл агартуунун мыктысы”-деген наамга татыктуу болгон.

Райондук “Мыкты мугалим” конкурсуна катышып 3-орунду алган. Г.Максытовдун райондук газетада “Жакшы болууаста-аста”, областык “Ленин жолу” газетасында “Бир райондо эки түрдүү көрүнүш”, “Ленинчи жаш” газетасында “Сымбатын сынап караса”, “Мугалимдер газетасында” “Өгөйлүк өөнчүлбү “ сыяктуу макалалары окурмандардын чоң кызыгуусун пайда кылган.

Адабий чыгармаларынан –“Арсызбай арак ичкенде”, “Алтыным”, “Мен түшүмдө сүйлөймүн”, “Карынбайдын кадыры” жана башка сатиралык аңгемелери Кыргыз радиосунан уктурулуп, газеталарга жарияланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек, 2004-жыл.