Макфарланд

Википедия дан

"Макфарланд" (англ. McFarland, USA, орус. Тренер) Американын 2015-жылдагы спорттук драмасы. Режиссёру Ники Каро, продюсери Марк Кьярди менен Гордон Грей, сценарийин жазгандар Кристофер Кливлэнд, Беттина Жилуа жана Грант Томпсон, ошондой эле композитору Антониу Пинту. Тасманы Walt Disney Pictures менен Mayhem Picture компаниялары биргелешип тартышкан. 1987-жылдагы чыныгы окуяга негизделген тасма Калифорния штатынын Макфарланд шаарындагы латын тектүүлөрдүн мектебиндеги кросс тайпасынын окуясы тууралуу баяндайт. Фильмде Кевин Костнер башкы каарман Жим Уайттын ролун жаратат. Ал өлкөдөгү чемпионатта мектептин командасын жеңишке жеткирген машыктыруучу болгон.Кинотасмада Мария Белло менен Морган Сэйлор да тартылышкан.

"Макфарланд" 2015-жылдын 20-февралында кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. Киносынчылардын оң баасын алган тасма 45 млн доллардан ашык киреше алып келген. Кинофильм DVD мене Blu-ray дисктерге Walt Disney Studios Home Entertainment компаниясы тарабынан 2015-жылдын 2-июнунда чыгарылган. Ал кросско адамдарды кызыктырып, эргүү берген тасма деп айтылып калган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]