Малабаев, Мурзабек

Википедия дан

Малабаев Мурзабек (1928-ж. т., Жалал-Абад облусу, Сузак району, Чачкынчы айылы) - тарых илиминин доктору (1967), профессор (1968).

1950-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.

1951-55-ж. КМУнун окутуучусу,

1955-57-ж. Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунда кафедра башчысы,

1957-60-ж. Караколдогу педагогикалык институттун ректору, улук окутуучу,

1960-68-ж. ФПИде улук окутуучу, доцент,

1968-жылдан КМУнун КПСС тарыхы кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

Жүздөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүн изилдөөгө арналган.

Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]