Малакка султандыгы

Википедия дан

Малакка султандыгы - Түштүк Чыгыш Азиядагы малайялардын мамлекети [1402 (же 1403)—1511].

Борбо­ру Малакка болгон. Гүлдөп турганда (15-к-дын 2-жарымы) Малакка жарым аралын, Риау, Линга архипелагдарын, Суматранын чыгыш жээктерин сураган. Мажапахит мамлекетинин падыша задасы Парамесвара негиздеген.

Ин­дуизм жанa ислам динин туткан феодалдардын кагылыштарында (1424— 45) ислам тобу жеңип (1445), Музаф- фар-шах I деген ат менен Малакканын туңгуч султаны ража Касым бийликке келген. Ушундан соң Малакка султандыгындагы бийлик мусулман көпөстөрү менен союздашууну көздөгөн жаңы феод, ак сөектөрго өтүп, Малакка султандыгы феод, мамлекетке айланган да, анда бөтончө тышкы соода, калай казып алуу өнүккөн.

Малакка султандыгы Түш.-Чыгыш Азияга ислам ди­нин таратуучу борбор болгон. Анын убагында малайя маданияты гүлдөгөн. Бийлик талашуудан начарлаган Малакка султандыгын д’Албукерки баштаган португалиялык аскерлер 1511-ж. басып алган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.