Мала кызыл чакалай

Википедия дан

Мала кызыл чакалай — теринин инфекция-аллергиялык оорусу. Козгогучу вирус деп божомолдонот. Кээ бир учурларда мала кызыл чакалай ичеги-карын ооруларынан, ар кандай инфекцияга карата дары-дармектерди, вакциналарды ашыкча колдонуудан пайда болот. Бул ооруга эрте жаз, кеч күздө үшүп же суук тийип калуу түрткү болот. Териде, көбүнчө көкүрөктө, аркада, кол-бутта, кээде моюнда, бетте кызыл темгилдер пайда болот. Алар бара бара чоңоёт. Тактардын үстү түрпү сымал түлөп турат. 7—10 күндөн кийин ал чоң тактын тегерегинде майда, мала кызыл темгилдер пайда болот. Оорулуунун жалпы абалы анча өзгөрбөйт, денеси бир аз ысыйт, кычышат. Бара-бара темгилдер кочкул тартып, 4—8 жумадан кийин жоголот. Жаш балдарда темгилдер ыйлаакчаларга айланып, экзема оорусунун клиникасына окшош болот. Мындай тактар кычыштырып, оору 1 — 2 айга чейин созулат. Дарылоону врач жүргүзөт. Түрдүү крем, майлоочу май, антибиотик, витамин, антигистамин дары-дармектери колдонулат. Оору күчөп турганда (биринчи 2—3 жумасында) терини самындап жууганга болбойт. Алдын алууда терини ар түрдүү сүрүлүү, тытылуудан этият болуу, өздүк гигиенаны. сактоо керек.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8