Малдыбай Кайыпов

Википедия дан

Малдыбай Кайыпов 1949-жылы Ат-Башынын Жаңы-Күчүндө туулган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери.
1974-жылы Фрунзе шаарындагы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор дирижеру бөлүмүн аяктаган соң, 1974-84-ж. Токмок маданий-агартуу техникумунда окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1984-86 жылдары Токмок шаардык маданият үйүнүн директору, 1986-96-ж. Токмок шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1991-ж. Кыргызстан КП Токмок шааркомунун 2-катчысы, 1991-97-ж. Токмок маданият техникумунун директору.
1997-жылдан Чүй-Токмок шаарынын мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары, 2000-жылдан тарта Бишкек шаарынын маданият башкармасынын начальниги.
Көптөгөн мамлекеттик маданий иш-чараларды өз деңгээлинде өткергөндүгү үчүн ардак баракчалар жана медалдар менен сыйланган.