Маленкулов Абакир Слан Уулу
Маленкулов Абакир Слан Уулу Тери буюмдарынын чебери. 1956-ж. Тогуз-Торо районундагы Арал айылында төрөлгөн.
С. А. Чуйков атындагы кыргыз мамлекеттик сүрөтчүлөр окуу жайынын прикладдык бөлүмүн бүтүргөн. Абакир китеп тыштарын, куттуктоо папкаларын, кыздардын кол баштыктарын, бел кур өңдүүлөрдү арбын жасоодо. Тери чебери негизги аспап-куралдары болгон чийим шибеге, шибеге менен жекече сериялуу эмгектерди жаратууда. Чебердин «Мергенчинин өздүк буюмдары» аттуу ишинде басма ыкмасы бар. Ага мылтык кабы, ок чонтою, баштыкчалары, бычак кабы, шыралга илгичи, тери малакайы, чокою өңдүү өз өзүнчө милдет аткара турган буюмдары кирет да, алардын ички кооздуктары бири бирине тутумдашып, бир бүтүн чыгарманы түзүп турат. Мында наар түшүрүүдө «мүйүз оюмун», «бармак боочу оюмун», «кыял оюмун» негиз тутуп, булгаарынын табияты кабыл алгандай аларды майда, үзүл кесилсиз берген. Оюмдан оюм жаратып чөптүн сабактарын, гүлдөрдүн бутактарын жана таажыларын, бак-дарактардын жалбырактарын символдоштурган. Териге түшкөн кооздукту башка жердиктер кайталай албайт. Төтөн, күрөң сары булгаарыга өң сиңирүү ал өзүнчө чеберчилик. Бул жагынан Абахирдин жердиктин негизги касиеттерин таанып билүү артыкчылыгы байкалат. Терини боёдо боёк жугузуу үчүн теринин сырткы бетин тазалайт. Тери майын чыгарат. Аны «козу кулак кислотасы» менен жууйт. Тери күйүп кетпесин үчүн өз өлчөмүн так алат. Боёлгон теринин үстүнөн жылтыратууда мом менен сүртөт. Ал боёкту актайт, суу жуктурбайт. Абакир «Чабандын өздүк буюмдары» деген үлгү жараткан. Мында куру, дүрбү салгычы, радио кабылдагычтын тышы, бычак кыны, камчысы, чокою өңдүүлөрдү ал көркөм планда чагылдырган. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982 ж. «Прикладниктердин Бүткүл союздук көргөзмөсү». Мергенчинин өздүк буюмдары үчүн ЭЧЖКнүн коло медалы; 1987 ж. Октябрь революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Тери буюмдары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин I даражадагы диплому; 1988 ж. Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин жана сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». «Кызып алма», «Солдат элек» китептеринин булгаары тышынын жасалгасы музейге экспонатталган; 1989 ж. Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына карата Токтогул китебинин тышынын жасалгасы Токтогул музейине экспонатталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0